ӨКМдин аскер бөлүгүндө аскердин сабалышы. Иш Аскер прокуратурасына өттү

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө аскерге чакырылган жоокер сабалганы маалым болгон. Туугандарынын айтымында, Бекзат туугандарынан бирдик салууну дайыма суранып, 8 ай ичинде алар 35 миң сом беришкен, прапорщик бул акчаны мобилдик тиркемелер аркылуу накталай кылып алып турган. Ошол түнү да акча талап кылган, бирок түн болгондуктан бала туугандарына чала албай, ур-токмокко чыдап жата берген. 1-июнь күнү пневмония менен ооруп калганын, фельдшердик бөлүмгө которулганын айтышкан.

Окуя боюнча ӨКМден үн катышып, ички иликтөө жүргүзүлүп, иш Аскер прокуратурасына өткөнүн билдиришти.

«Кечки текшерүү учурунда буту шишигендиги аныкталган. Беловодское айылындагы ооруканага алып барышса, республикалык ооруканага жөнөтүшкөн экен. 4-июнда шаардык ооруканага жаткырылган. 5-июнда табарсыгына операция жасалган. Прапорщик табарсыкка тээп ийди деген сөздү айткан туугандарына. Ошонун алкагында иштерди жүргүздүк. Тиешелүү билдирмелер Аскер прокуратурасына жөнөтүлгөн. Ички иликтөө жүргүзүлдү. Буга чейин эле аскер бөлүктөрдө ушундай көрүнүштөр байкалганда жетекчи иштен алынган болчу. Бардык тиешеси бар адамдар иштен убактылуу четтетилди. Учурда абалы туруктуу оор. Дарылануу уланууда. Тээп ийген баланын ата-энеси да жардамын көрсөтүшкөн», — деди ӨКМдин башчысынын орун басары.