ӨКМнын Ош шаары боюнча жетекчиси пара берүүгө шектелип кармалды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы пара берүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

31-май күнү Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы жана УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында ӨКМнын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Ж.Ж. бийликтен аша чабуу фактысы менен тергөөгө чейинки текшерүү материалдарында оң чечим кабыл алууга көмөк көрсөтүү үчүн УКМКнын тергөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерине 20 миң сом пара берип жаткан учурда кармалды.

Шектүү Ош гарнизонунун гауптвахтасына киргизилди. Тергөө жүргүзүлүүдө.