Октябрь окуясы. Жеңиш Молдокматов жубайы менен 11 жаштагы кызынын телефону тыңшалып жатканын айтты

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2020-жылдын октябрындагы массалык башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнү улантууда.

Соттук отурум башталар алдында айыпталып жаткан «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов анын камерасы тинтүүгө алынганын, укук коргоо органдары анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн телефондорун тыңшай башташканын билдирди.

«Мен отурган камерада тинтүү жүрдү. Эч нерсе табылып, аныкталган жок. Бирок менин аялымдын жана 11 жаштагы кызымдын телефону тыңшалып жатканы аныкталды. Биз атайын текшерип, менин атымдан кызымдын телефонунан маалымат жөнөтүлгөн. Мейли мени камашсын, үй-бүлөмдө эмне күнөө?» — деди ал.