Октябрь РИИБдин мурдагы башчысы Уланбек Аалиевге сот өкүм чыгарды

Октябрь РИИБдин мурдагы башчысы Уланбек Аалиевге сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май РИИБден билдиришти.

«Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 23-декабрындагы өкүмүнө ылайык, Аалиев Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгү, 343-беренесинин 1-бөлүгү, 343-беренесинин 3-бөлүгү 337-беренесинин 2-бөлүгү жана 137-беренесинин 1-бөлүгү менен кылмыш курамы жок болбогондугуна байланыштуу акталды.

Кылмыш Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (2017-жылындын 2-февралындагы редакциясы) менен күнөлүү деп табылып, 300 миң сом айып салынды. Анын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, сот залынан токтоосуз камактан бошотулду», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиев, тергѳѳ кызматынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергѳѳчү Рамазан кызы Айсулуу 21-октябрда Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Аларга Жазык кодексинин 143-беренеси (кыйноолор), 320-беренесинин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 326-беренесинин 2-бөлүмү (опузалап пара алуу) менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.