Буга чейин социалдык тармактарда автобустун айдоочусу окуучуга кыйкырып жаткан видеосу тараган. Анда айдоочу жүргүнчүнүн автобустун арткы эшигинен киргенине жана коомдук транспортто чипсы жегенине нааразы болгон.
Видеодо окуучунун өз укугун коргоп, айдоочуга жооп кылып жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле соцтармак колдонуучулары да окуя боюнча эки жаатка бөлүнүшүүдө. Бир тарабы айдоочуну коргоп, «Туура кылган, автобус ашкана эмес» дешсе, айрымдары «Окуучуга акырын айтып койсо деле болмок» дешүүдө.
Бул окуя боюнча милиция маалымат берип, аталган факты каттоого алынганын билдиришти. «1982-жылы туулган автобус айдоочу милицияга жеткирилген. Укук бузуу кодексинин 126-беренесинин (майда бейбаштык) негизинде протокол түзүлдү», — деп айтылат маалыматта.