Социалдык тармактарда «Мектепте рэкетчилик жок дейсиңер, мына балдарды уруп-сабап, акчаларын алып жатат» деген видео тараган. Окуя боюнча Ленин РИИБден маалымат беришти.
Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Текшерүүнүн алкагында Ленин РИИБге мектеп администрациясынын өкүлдөрү жана видеодогу бардык балдардын ата-энелери чакырылган.
Жашы жете элек А.Б. 9-класстын президенти болуп туруп, 8-класстын окуучулары тамеки чегип жатканын көрүп, профилактикалык иштерди жүргүзүүнү чечкени аныкталган. Бул үчүн ал ар бирин жаакка чапкан. Бул фактыны ал өзүнүн мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда тастыктаган. Бул фактыны 8-класстын окуучулары да тастыктаган. Ошондой эле акча талап кылуу болбогонун билдиришкен. Окуучулардын ата-энелери арыз жазуудан баш тартышты.
«Кошумча чогултулган материалдар Балдар иштери боюнча комиссияга жөнөтүлөт. Анын жыйынтыгы менен А.Бнын ата-энесине карата да тиешелүү чаралар көрүлөт», — деп айтылат маалыматта.
Посмотреть эту публикацию в Instagram