Кечээ, 25-май күнү социалдык тармактарда мугалим окуучу кызды колу менен бети-башына бир нече жолу уруп жиберген видеосу тараган. Аталган факты 25-май күнү Сузак РИИБинин маалымат электрондук журналына катталып, алдын-ала текшерүү жүргүзүлгөн.
Териштирүүдө окуя 23-май күнү Сузак районунун Сафаровка айылында жайгашкан Жоомарт Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбиялык комплексининде болгондугу аныкталды. Информатика сабагынын мугалими, Сузак районунун 1987-жылы туулган тургуну 7-класстын 2008-жылы туулган окуучусун уруп койгон. Мугалим суракта сабак учурунда окуучу менен өзүнүн ушул эле класста окуган 2009-жылкы кызы өз ара сөз талашып, айтышып кетишкенин, аларга сабакта тынч отуруусун талап кылып эскерткендигин айткан. «Окуучу кыз мага орой сүйлөгөндүктөн, ачууга алдырып, аны бети-баш жактарына чапкылап, тарбиялык мааниде уруп жиберген болчумун» деп көрсөтмө берген.
Белгилеп кетүүчү жагдай, айрым социалдык баракчаларда бул видеонун толук варианты берилбей, мугалимдин окуучуну уруп жаткан жери эле кыркылып көрсөтүлүп калган. Текшерүүнүн жүрүшүндө толук видеосу алынып, анда мугалим окуучуга кол көтөргөнгө чейин окуучу мугалимге акараат кылып, аны менен каяша айтышып кол көтөрүүгө себеп болгондугу такталган. Аталган факты боюнча толук жана объективдүү текшерүү максатында окуучу кыздын денесинен алган жаракаттардын оордук даражасын аныктоо боюнча атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ошондой эле иштин жагдайы боюнча окуу жайдагы мугалим жана окуучулар суралып, алдын-ала сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.










