Буга чейин социалдык тармактарда окуучуну сабак учурунда уруп жаткан мугалимдин видеосу тараган.
Маалыматтарга караганда, видео тарых сабагы учурунда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы мектептердин биринде тартылган.
Ош ОИИБден маалымат беришип, бул факты Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдиришти.
“Текшерүүнүн жыйынтыгы менен окуя боюнча мыйзамдуу чечим кабыл алынат”,- деп айтылат маалыматта.