«Өлгүчө сабалган». Чүйдө 4 күндөн кийин жансыз денеси суудан табылган окуя боюнча шектүүлөр кармалды

Милиция мыкаачылык менен адам өлтүрүүнүн бетин ачты. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, 4 күндөн бери изделип жаткан жарандын жансыз денеси Чүй каналынан табылганын билдирген. Маркумдун буга чейин изделип жаткан 1989-жылы туулган жаран экендиги аныкталган.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын, Аламүдүн жана Ысык-Ата РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2000 жана 1991-жылы туулган жарандар кармалган. Алар кишини өлтүргүчө сабап, андан соң сөөгүн Чүй каналына ыргытып салышканын моюнга алышкан. Тергөө иштери уланууда.