Өлкө жетекчилиги менен тааныштыгы бар экенин айткан УКМКнын жалган кызматкери кармалды

УКМКнын жалган кызматкери аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«Өзүн атайын кызматтын кызматкери катары тааныштырып, өлкө жетекчилиги менен тааныштыгы бар экенин көрсөтүп, мыйзамсыз иш аракеттерди кылып жүргөн Кара-Суу районунун тургунунун өздүгү такталып, сот жообуна тартылды. Такталган маалымат боюнча, жарандын психологиялык таасир көрсөтүүсүнүн натыйжасында «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкери 0,65 гектар жерге мамлекеттик сертификатты мыйзамсыз каттаткан жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыктын тергөө камак жайына киргизилди. Бул ишке байланыштуу жаран шектүү катары айыпталып, жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында анын жашаган жеринен жерди пайдалануу жаатындагы ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экенин көрсөткөн материалдар табылган»,- деп айтылат маалыматта.