Кыргызстанга ири мүйүздүү бодо малдарды Евразиялык экономикалык биримдиктеги өлкөлөрүнөн мыйзамсыз алып кирүү көбөйүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарынан уруксат берүүчү документтерисиз ири мүйүздүү бодо малды ташып кирүү фактылары аныкталган. Анда бир жуманын ичинде эле 1002 баш ири мүйүздүү малды мыйзамсыз алып кирилип, анын ичинен “Чалдовар авто жолу” контролдук-өткөрмө пунктунан 327 баш, “Ак-Тилек авто жолу” контролдук-өткөрмө пунктунан 675 баш бодо мал аныкталган.
Мындай фактылар импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болгондуктан катталган. Ал эми кээ бирөөлөрүндө иш жүзүндөгү малдын саны коштомо кагазда көрсөтүлгөн санга дал келбей калган.
Учурда бул иштер боюнча материалдар мыйзамга ылайык иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилген.












