«Өлтүрүп, кийин жиликтеп, таштандыга ыргытып…» Түркияда кыргыз келин кайнатасы тарабынан өлтүрүлдү

Түркияда эркек киши Кыргыз жаранын мыкаачылык менен өлтүргөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу түрк ЖМКлары жазып чыгышты. 

Алардын жазган маалыматтарына караганда, каргашалуу окуя Текирдаа шаарында катталган. Анда 65 жаштагы эркек киши уулунун жубайы —  эки баланы тарбиялап өстүргөн кыргызстандык 31 жаштагы келини менен уруша кеткен. Окуя болгон күнү күйөөсү үйдө болгон эмес. Кайната менен келиндин ортосундагы оозеки чыр мушташка айланып, жыйынтыгында кайнатасы кыргыз келинин бычактап өлтүргөн. Келининин сөөгүн жашыруу үчүн аны бөлүктөргө бөлүп, бир бөлүгүн таштанды челегине ыргытып, экинчисин багажникке салган. Ошол учурда өлтүрүлгөн келиндин кайненеси үйүнө кайтып келип, окуяны көрүп, коңшуларынан жардам сурап кайрылган. Алар полиция кызматын чакырышкан.