Социалдык тармактын колдонуучулары маршруткадагы чөнтөк уурулардын делген видеосу менен бөлүшүп, чара көрүүнү талап кылып жатышат.
Маалыматка караганда, видео 8-августта тартылган. «Ак шапка кийген байкени өлтүрүп коё жаздады. Чөнтөкчү анын телефонун уурдап жатканда кармап калды. Маршрутканын ичиндеги бир кыз эсин жоготуп коюптур», — деп жазды колдонуучу отвертка менен кол салган видеосу менен бөлүшүп.
Милиция азырынча маалымат бере элек.
Эскертүү: Видеодо сөгүнгөн сөздөр бар!