«Омурткам жабыркаган». Алмазбек Атамбаев сотко мажбурлап алып келүү кыйноо экенин айтты

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2019-жылдын 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча кылмыш ишин кароону улантууда. Буга чейин башкы айыпталуучу Алмазбек Атамбаевди мажбурлап алып келүү боюнча прокурор өтүнүч келтирген. Жыйынтыгында экс-президент сотко алып келинди.

Алмазбек Атамбаев сотко мажбурлап алып келүү боюнча арызды уккандан кийин өзү келгенин билдирди. «Мажбурлап алып келүү боюнча соттун чечими болгон. Бирок март айында ошондон улам омурткам жабыркады. Азыр «Тез жардам» менен урушпай келем. Прокурор өтүнүч келтириптир. Мени «Тез жардам» менен алып келишет. Омурткам жабыркаган. Мен көпкө отура албайм. Бул кыйноо”, — деди Атамбаев.