Өмүрбек Текебаевге кол салды делип 23 жаштагы жигит кармалды

Өмүрбек Текебаевге кол салуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө борбор калаанын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун 1998-жылы туулган тургуну кармалды. Бишкек ШИИБден билдиришкендей, кармалган адам тергөө кызматына жеткирилип, Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ошондой эле, милициянын маалыматы боюнча, кармалган адам Текебаевге тиешелүү уюлдук телефонду өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Учурда кылмыш иши боюнча башка айыпталуучуларды аныктоо боюнча тергөө амалдары жана ыкчам иш-чаралары уланууда.

Кечээ, 1-декабрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Кол салгандар уюлдук телефону менен көз айнегин алып кетишкенин билдирген саясатчы окуя боюнча комментарий берип, президент Садыр Жапаровдон кол салгандарды камакка алышын айтып кайрылган.