“Арча Медиа» каналынын журналисти Сайпидин Султаналиев ооруканага түшкөн. Басылма билдиргендей, унаа сүзүп, качып кеткен.
“Арча Медианын” (Next телеканалы) кызматкери, “Соболум бар” долбоорунун автору Сайпидин Султаналиев кырсыктан оор жаракат алган.
Окуя 18-октябрда саат 17:30дар чамасында Бишкектин Садырбаев көчөсүндө болгон. Журналист өзү мотороллер менен жол кыймылынын бардык эрежелерин сактап жүргөнүн айтты. Бир маалда аны капталынан озуп бара жаткан унаа жөөлөп кеткен. Натыйжада скутер оодарылып, журналист кулап түшкөн. Кырсыктын күнөөкөрү окуя болгон жерден качып кеткен. Журналистке окуяга күбө болгондор Тез жардам жана милицияны чакырып, жардам көрсөтүшкөн.
Милициянын кайгуул кызматы унаанын айдоочусун тапкан. «Мен саатына 50 чакырым ылдамдыкта бара жаткам. Оң тарапта келе жаткан мопедди көрдүм. Өз жолум менен эле айдап кете бердим. Анын тилкесине чыккан эмесмин. Мопед өзү унаамды жөөлөп алды. Ал учур видеодо деле бар. Мен анын журналист экенин кечинде билдим. Үйүмө милиция кызматкерлер барыптыр, ал учурда жок элем. Мага чалышты, өзүм келдим. Журналист мени мыйзамсыз эле күнөөлөп жатат. Кылмыш кылган жокмун», — деди ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram