«Операцияга чогултуп жаткан акчасы болгон». Жалал-Абадда уурулукка шектелгендер кармалды

Милиция бир нече батирге уурулук жасаган шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Сузак районунун 1981-жылы туулган тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 25-май күнү үйүнө белгисиз жарандар эшигин бузуп киришип, жабырлануучунун жубайына оор операция жасоо үчүн кайрымдуулуктан чогултулган 500 миң сомдон ашуун акчасын уурдап кетишкенин билдирген.

Ошол эле райондун 1974-жылы туулган тургуну милицияга арызданып, 9-июнь күнү белгисиз жарандар үйүндө эч ким жоктугунан пайдаланып эшигин бузуп кирип, бөлмөлөрүн чачып, бирок баалуу буюм жок болгондуктан эч нерсе албай окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкендигин билдирген.

Ошондой эле 18-июнь күнү Сузак районунун 1971-жылы туулган тургуну арызы менен кайрылган, анда 8-июнь күнү саат 9:45тен 12:00гө чейинки аралыкта үйүндө эч ким жоктугунан пайдаланып, белгисиз кылмышкерлер базар баасы 30 миң сомдун күмүш зергерин алып кетишкенин билдирген.

19-июнь күнү Сузак районунун 39 жаштагы тургуну Ош шаарында изин жашырып жүргөн жеринен кармалды. Ал эми анын кылмыштуу шериги Жалал-Абад шаарынын 31 жаштагы тургуну Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдөн ижарага убактылуу батир алып жашынып жаткан жеринен кармалып, жашаган дарегине тинтүү жүргүзүлүп, кылмышка тиешелүү далил буюмдар алынды. Тергөөнүн жүрүшүндө, уурулукка шектүүлөрдүн баш коргоо чаралары райондук тергөө соту тарабынан каралып, 2 айлык мөөнөткө камакка алынды.