«Бийликти негизсиз сынга алуу». Орозайым Нарматованын кармалышы боюнча ИИМ маалымат таратты

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованын кармалышы боюнча Ички иштер министрлиги маалымат таратты.

Ички иштер министрлиги өз билдирүүсүндө, Кыргызстандын коомдук-саясий абалын туруксуздаштырууга багытталган иш-чараларды аныктоо жана бөгөт коюу үчүн интернет мейкиндигин талдоонун натыйжасында жарандарды мыйзамсыз жана күч колдонуу аракеттерине түрткөнү аныкталганын билдирди. «Мен макул эмесмин» жана «Менин укугум бар» аттуу кыймылдардын Москвадагы лидери, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова бир нече жылдан бери Орусияда эмгек миграциясында жүргөн Нарматова ал жерде кыймылдын мүчөлөрү менен жолугушууларды өткөрөрүн билдирди. ИИМден билдиришкендей, иш-чараларда Нарматова дайыма эмгек мигранттарынын жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жарандардын нааразылык потенциалын жогорулатуу үчүн өлкөнүн саясий жетекчилигине негизсиз сындарды айтып келет.

«Нарматованын жазгандарында Кыргызстандын бийлигинин ишмердүүлүгүнө терс кароо жана жаманатты кылуу бар. Анын ишмердүүлүгү коомдук душмандыкты козутуу жана бийликти күч менен басып алуу үчүн шарттарды жана өбөлгөлөрдү андан ары түзүү үчүн коомдук терс пикирди калыптандыруу үчүн коомдук-саясий процессти бир жактуу чагылдыруу белгилеринин бар экендигин күбөлөндүрөт», — деп айтылат маалыматта. Чогултулган материалдар каттоого алынып, Жазык кодексинин «расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» 313-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.