Өрт өчүрүүгө жардам берем деп каза болгон 2 милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүлөт

Өрт өчүрүүгө жардам берем деп каза болгон 2 милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүлөт. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

27-октябрда Бишкек-Ош жолунда май ташыган унаа оодарылып, өрттөнө баштаган. Жолдо өтүп бара жаткан 41 жаштагы Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн издөө боюнча ыкчам өкүлү милициянын майору Дилмурат Шамшиев менен 30 жаштагы Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү милициянын капитаны Орозмамат Акуналиев токтоп, унааны өчүрүүгө жардам беришкен. Алар күйүк алып, ооруканага жаткырылган. 1-ноябрда алган жаракатынан Дилмурат Шамшиев көз жумган. Ал эми кечээ, 5-ноябрда Орозмамат Акуналиев да көз жумду. 

«Ички иштер министри Улан Ниязбеков, коллегия мүчөлөрү жана ички иштер органдарынын кызматкерлери каза болгон кызматкерлердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышат. Биз аларды ар дайым эстейбиз. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө ар тараптан колдоо көрсөтүлөт», — деп айтылат ИИМ тараткан маалыматта.