«Ортого ири суммадагы акча коюлган». Жалал-Абадда унаа жарыш өткөргөндөр аныкталды

Жалал-Абад облусунун аймагындагы көчө автожарыштарынын уюштуруучуларына жана катышуучуларына карата профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Облус тургундарынан, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынан келип түшкөн көптөгөн даттанууларга байланыштуу УКМК органдары тарабынан Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кайгуул кызматы менен бирдикте унаабейбаштык менен алектенген топтун мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюлду. Бул топ ири суммадагы акча ойнотулган мыйзамсыз көчө жарышын системалуу түрдө өткөрүп келишкен. Унаабейбаштар коомдук тартипти жана жарандардын бейпилдигин одоно бузуп, жол кыймылына коркунуч туудурган көп сандаган өзгөчө кырдаалдарды жаратып, бир нече ирет жол кырсыктары катталган. Мына ушундай жарыштардын биринин кесепетинин айынан Жалал-Абад шаарындагы аскер бөлүктөрүнүн биринин тосмосу бузулган.

Натыйжада, 2-июнда Сузак районунун аймагында дагы бир жолу мыйзамсыз унаажарыш өткөрүү аракети токтотулуп, 34 адамдан турган топ жана 16 унаа кармалган. Унаатранспорт каражаттарын текшерүүдө жасалма мамлекеттик номурлар аныкталып, айнекти мыйзамсыз караңгылатуу фактылары катталып, унаажарыштын айрым катышуучулары медициналык кароодон өткөндө алкоголдук ичимдиктерди ичүү фактылары аныкталган. Бардык унаалар Жалал-Абад ОИИБдин айыптоочу жайына жайгаштырылып, мыйзамсыз жарыштын катышуучуларына тиешелүү профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, административдик айып салынды.