Новосибирск бажысы Кыргызстандан учуп барган жүргүнчүнүн жүгүнөн табылган 29 iPhone телефонун конфискациялоону талап кылып, Октябрь райондук сотуна кайрылды. Бул тууралуу «Новосибирские новости» басылмасы жазды.
Ал киши телефондорду туугандарына белек катары алып келгенин айткан. Бирок товардын баасын жана максатын тастыктаган документтерди бере алган эмес.
Орусиялык ЖМКлардын жана «Новосибирск облусунун жалпы юрисдикциясынын соттору» паблигинин маалыматы боюнча, кыргызстандык 2024-жылдын 13-мартында Толмачево аэропортунун эл аралык терминалында кармалган.










