Кечээ, 1-мартта Орусиянын Люберцы шаарында Кыргыз жарандары — 23 жаштагы кыз менен 26 жаштагы жигиттин 17-кабаттан кулап, аман калганы маалым болгон.
Окуя 27-февралга караган түнү болгон. Эки Кыргыз жараны достору менен эс алып жаткан учурда уруша кетишкен. Кыз терезени ачып, секирүүгө аракет кылганда, жигит аны токтотом деп, экөө тең 17-кабаттан кулаганы, бийиктикке карабай, экөө аман калышканы, бирок ооруканага оор абалда жеткирилгени айтылган.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымат таратып, 1998-жылы туулган кыздын көз жумганын, ал эми 1995-жылы туулган жигиттин абалы оор экенин, ооруканада жатканын билдиришти. «Элчилик тергөөчү, маркумдун жакындары жана жабыркагандар менен байланышта. Учурда окуя боюнча алдын ала иликтөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.











