Кыргызстандык мигрант Санкт-Петербург шаарындагы көп кабаттуу үйдүн чатырынан кулады. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар жазып чыгышты. Окуя Заячийде болгондугу такталды.
21 жаштагы кыргызстандык жигит коммуналдык кызматта иштеп, үйдүн чатырын кардан тазалачу. Ал тайгаланып, чатырдан кулап кеткен. Ал жамбаш сөөктөрүнүн жана бел омурткасынын жабык сыныгы, ичтин жабык травмасы, краниоцеребралдык травма жана баш мээси чайкалган абалда ооруканага жеткирилген. Учурда абалы оор. Жандандыруу бөлүмүндө жатат.











