Москвада кыргызстандык келиндин зордуктоодон көз жумушу. Элчилик окуя боюнча үн катты
Кечээ, 2-мартта Орус ЖМКлары Москвада 36 жаштагы кыргызстандык келиндин топ балдар тарабынан зордукталып, көз жумганын жазып" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/moskvada-36-jashtagy-kyrgyzstandyk-kelin-top-baldar-tarabynan-zorduktalyp-koz-jumdu/"> чыгышкан эле.
Элчилик Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү менен биргеликте бул маалыматты тактоо иштерин жүргүздү. Текшерүүнүн жыйынтыгында 3-январда Москва шаарынын Кузьминки району боюнча милицияга зордуктоо тууралуу билдирүү түшкөнү аныкталган. Кыргыз жараны мурун сыныгы диагнозу менен, мас абалында Москва шаардык ооруканасынын реанимациясына жаткырылган. Ошондой эле соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында зордуктоо фактысы жокко чыгарылган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө полиция бөлүмүнө чогуу алкоголдук ичимдиктерди ичкен эки Кыргыз жараны жеткирилген. Дарылоочу дарыгердин айтымында, 28-февралда Кыргыз жараны этанолго ууланып, пневмониядан улам реанимацияда каза болгон. Так себеби соттук-медициналык экспертизадан кийин аныкталат.