Орусиянын Москва районундагы Некрасовский айылында кыргызстандык 9 жаштагы бала каза болуп, кылмышка 14 жаштагы жергиликтүү тургун шектелип жатканын ЖМКлар жазды.
Некрасовский айылы Дмитров шаардык округунда жайгашкан. Бул жер бир кезде аскер шаарчасы болгон, азыр казарманын бир бөлүгү жатаканага айланган. Мындай жатаканалардын бирине 9 жаштагы кыргызстандыктын үй-бүлөсү жашап жаткан.
Ошол эле жатаканада шектүүнүн чоң энеси жашайт, ал кээде жатаканага барып турган.
9-апрель күнү түштөн кийин балдар мушташып, 14 жаштагы өспүрүм кыргызстандыкка бычак менен кол салган. Бала алган жаракатынан улам Тез жардам унаасында каза болгон. Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, Икша темир жол бекетинде кармалган шектүү өзүн коргоо үчүн бутуна бычак сайган. Ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ага адам өлтүрүү боюнча айып тагылып, күнөөнү мойнуна алган.
Маркумдун жакындарынын айтымында, балдар бири-бирин таанычу эмес. Окуя болгон күнү кыргызстандык каникулда болуп, үйдө отурган. Апасы дүкөнгө барып келип, уулунун жаракат алганын көргөн.
Тышкы иштер министрлиги азырынча маалымат бере элек.
This is a modal window.