Орусияда бала багуучу болуп иштеген кыргызстандык кичинекей кыздын өлүмүн 2 күн жашырган

Орусиянын Ленинград облусунда полиция кызматкерлери 2 жашар кыздын өлүмүнүн себебин аныктап жатышат. Анын жансыз денеси 30-январда бала багуучусунун үйүнөн табылган. Бала багуучу болуп иштеген Кыргыз келиндин айтымында, кыз өзүн жаман сезе баштаганда апасына чалып, чакырган. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, тергөө кызматкерлерин айтылган версия шек жараткан. Кошуналарынын айтымында, кыздын денесинде көгала тактар болгон. Мындан тышкары, экспертизанын алдын ала жыйынтыгы боюнча, кыздын эки күн мурда эле көз жумганы маалым болгон. Тактап айтканда, бала багуучу кыздын өлүмүн эки күн жашырган. Кыздын апасы — Өзбекстандын жараны. Ал көп иштегендиктен кызын бала багуучуга таштап кетүүгө аргасыз болгон.