Липецк шаарына Кыргыз жарандары келе жаткан таксиден синтетикалык жана баңгизаттар салынган баштык табылды. Бул тууралуу басылмалар Орусиянын иштер министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Кармалган адам 32 жашта, ал эми аял 38 жашта. Жалпы салмагы 200 граммдан ашкан баңгизат табылган. Алар жүргүнчү отургучтун астына катылган, айрымдары чөнтөктө болгон. Райондук соттун чечими менен кыргызстандыктар СИЗОго киргизилди.