Орусиянын Самара облусунда жол кырсыгынан алты киши каза болду. Арасында Кыргыз жарандары бар. Аталган облустун полиция кызматы кырсык 27-июнда түнкү саат 01:30 чамасында катталганын билдиришти.
Анда Honda Stepwgn жана Hyundai Elantra унаалары сүзүшкөн. Жол кырсыгынан алты киши каза болду, сегиз адам ар кандай жаракаттары менен ооруканага жеткирилген.
Тышкы иштер министрлигинен каза болгондордун ичинен экөө Кыргыз жараны экендигин билдиришти. Алар 1992-жылы туулган жана 1979-жылы туулган бири эркек, экинчиси аял киши. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги сөөктөрдү мекенине жөнөтүү боюнча иштер менен алек болууда.
Орусиялык ЖМКлар жазган маалыматка караганда, жол кырсыктан набыт болгондор жана жаракат алгандардын баары Кыргыз жана Өзбек жарандары.