Орусияда жол кырсыктан жабыркаган 4 кыргызстандыктын бирөөсү көз жумду

Саратов облусунун Дергачевский районундагы трассада унаа оодарылып кеткен жол кырсыгынан жабыркаган төрт адамдын бири ооруканада каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Олег Костин өзүнүн Telegram-каналында билдирди.

Анын айтымында, 57 жаштагы Кыргыз жараны (аял киши) каза болду. Олег Костин тактагандай, дагы эки жабырлануучу — оор жаракат алган 58 жаштагы аял жана орточо оор абалда 19 жаштагы жигит Дергачевская райондук ооруканасынан №1 клиникалык ооруканасына жеткирилген.

29-апрель күнү кечинде Саратовго жакын жерде жол кырсык катталган. Унаанын ичиндеги 4 адам тең кыргызстандыктар болгон.