Орусияда жумуш учурунда каза болгон эки кыргызстандык. Компаниянын директору кармалды

Орусияда жумуш учурунда каза болгон үч кишинин өлүмү боюнча подрядчик компаниянын директору кармалды. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, «жумуш учурунда коопсуздук эрежелерин бузуу» жана «шалаакылыктан адамдардын өлүмүнө алып келүү» беренелери менен кылмыш иши козголгон. 

7-августта Москва шаарынын Люблино аймагында суу түтүгүн тазалап жатып эки кыргызстандык жана бир тажик жаранынын каза болгону маалым болгон. Окуя боюнча Тышкы иштер министрлиги маалымат берип, кырсыктан Кыргызстандын 2002 жана 1999-жылы туулган жарандары каза болгонун билдиришкен.