Орусияда кесиптешине караан болгон кыргызстандык көз жумду

19-мартта Орусиянын Химки шаарында 37 жаштагы кыргызстандык өлтүрүлгөнүн «Московский комсомолец» басылмасы жазды. 

ЖМКлардын маалыматына караганда, мындан бир ай мурун 39 жаштагы аял 36 жаштагы күйөөсүн 46 жаштагы сүйгөнү үчүн таштап кеткен. Расмий түрдө ажырашуу болгон эмес. Бул убакыттын ичинде ал аялын кайтарууга аракет кылган, бирок майнап чыккан эмес.

Окуядан бир жума мурун эркек аялынын кимге кеткенин билген. Буга байланыштуу ал сүйүктүүсү менен маселени чечүүнү чечип, түнү менен үйүнө барган. Ал өзү менен Кыргыз жараны болгон кесиптешин ала барган. Ага чейин экөө спирт ичимдиктерин ичип, аялга телефон чалып, аял кетип калган кишиге барышкан. Ал жанына бычак сала чыккан. 

Киши менен кесиптеши ага кол салган учурда бычагын алып чыгып, кыргызстандыктын курсак тушуна сайган. Экөө эч нерсе түшүнбөй калган, мас болгондуктан аны жерге жатып калды деп ойлошкон. Бирок ал Тез жардам келгиче каза болгон.