Орусиянын Санкт-Петербург шаарында эки мигрант жергиликтүү тургунга бычак менен кол салышты. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар жазыр чыгышты.
Маалыматка караганда, полицияга Большая Конюшенная көчөсүндөгү №2 үйдүн кире беришинде бычактан жараат алган адам жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Жабыркаган жарандын 35 жаштагы Санкт-Петербург шаарынын тургуну экендиги аныкталган. Ал оор абалда Жанелидзе атындагы изилдөө институтуна жеткирилген.
Кылмышка шектелип Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары кармалган.












