Орусияда кыргыз таксисттин курьер болуп иштеген мекендешин өлтүрө сүзүп кеткени айтылууда

Социалдык тармактын колдонуучулары Москвада кыргызстандык такси айдоочунун курьер болуп иштеген кыргыз жигитти өлтүрө сүзүп кеткенин жазышууда. Ал арада окуянын видеосу да тарады. Маалыматтарга караганда, окуя кечээ, 3-сентябрда катталган. Маркумдун 34 жашта экени да айтылды.

Бирок элчилик да, Тышкы иштер министрлиги да окуя боюнча маалымат бере элек.