Социалдык тармактарда жана ЖМКларда Амурдагы газды кайра иштетүүчү заводдун курулуш объектинде Кыргызстан менен кошуна мамлекеттердин биринин жарандарынын арасында массалык мушташы тууралуу маалымат тараганына байланыштуу Тышкы иштер министрлигинен билдирүү таратышты.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 8-9-март күндөрү Амурдагы газды кайра иштетүүчү заводдун курулушун аткарган компаниялардын “вахта” шаарчасында Кыргызстан жана кошуна мамлекеттердин биринен келген жарандардын ортосунда мушташ чыккан. Мунун себеби — ашканадагы чыр-чатак болгон. Кыргыз Республикасынын жабыркаган жарандарынын ооруканага түшүшү боюнча маалымат түшкөн жок. Бул окуянын чоо-жайын тактоо жана жабыркагандардын ичинде Кыргыз жарандарынын бар же жоктугун тастыктоо үчүн элчиликтин Владивосток шаарындагы кеңсеси укук коргоо органдарына сурама кат жөнөттү. Министрлик бул маселени өз көзөмөлүндө кармап турарын маалымдайт.
Буга чейин орусиялык басылмаларда жогорудагы заводдо 8-март күнү Кыргызстан менен Тажикстандан барган эмгек мигранттары мушташып кетишкени жарыяланган.