Орусиянын Ставрополь крайынын Невинномысск шаарында Кыргыз жаранынын катышуусунда кырсык болгонун «Коммерсант» басылмасы жазды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 5-март күнү курулуш жүрүп жаткан кампада кыргызстандык жумушчу 10 метр бийиктиктен кулап каза болгон. «Ал керектүү коргоочу шаймандары жок бийикте иштеген жана коопсуздук чараларын сактаган эмес», — деп айтылат маалыматта.