Санкт-Петербургда Кыргыз жараны Kia Rio үлгүсүндөгү унаасы менен 15 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Бул тууралуу 78.ru басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, кыз ооруканага орточо оор абалда түшкөн. Ал жөө адамдар өтүүчү өтмөк менен бара жаткан. Кырсык боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Айдоочунун буга чейин жол эрежесин бузгандыгы үчүн беш жолу административдик жоопкерчиликке тартылганы да айтылды.