Орусияда 26 жаштагы Кыргыз кызынын каза болушу. Милиция маалымат берди

Жергиликтүү ЖМКлар Москвада караокеге барган 26 жаштагы Кыргыз кызы каза болгонун жазышты.

Маалыматка караганда, 2 кыз менен 2 жигиттин жолугушуусу 26 жаштагы кыздын өлүмү менен аяктаган. Ал эми анын өлүмүнө шектелген 2 жигит Ошко учуп келгенден кийин кармалган. Кыздын апасынын айтымында, кызы тааныштары менен жолуккандан кийин өзүн жаман сезе баштаган. Апасынын айтымында, алар кызынын суусундугуна бир нерсе кошуп коюшкан болушу мүмкүн.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден төмөнкүлөрдү билдиришти. 7-март күнү Ош ОИИБге Өзгөн районунун 1971-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган, анда Москва шаарында 1998-жылы туулган жээни белгисиз жарандардын колунан каза болгондугун билдирген. Бул маалымат каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Суу районун 1998-жылы туулган 2 тургуну тергөө кызматына камсыз болуп, көрсөтмөлөрүн берип кетишкен. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылууда.