Тыва Республикасында (Орусия) жергиликтүү сот 50 жаштагы Кыргыз жаранына карата чечим чыгарганын Орусиянын Тергөө комитети билдирди.
Тергөөнүн маалыматына караганда, ал Шагонар шаарында эмгек миграциясында жүргөн. 25-июль күнү кыргызстандык жаран 45 жаштагы тууганы менен мас абалында отурушуп, алардын ортосунда чыр чыккан. 50 жаштагы адам тууганынын ээгине бычак сайган. Ал ооруканага жеткирилип, ошол жерден каза болгон.
Кыргызстандык Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 4-бөлүгү («Байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келген ден соолукка атайылап оор залал келтирүү») боюнча күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылды. Ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясында өтөйт.