Орусиянын Иркутск шаарында Кыргыз жараны каза болгонун облустук Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме берүү менен жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
ЖМКлардын маалыматына караганда, кырсык 13-августта Ангар дарыясынын жээгиндеги Квадрат көлүндө болгон. Кыргызстандык сууда сүзүп жүрүп, чөгүп кеткен. Окуяга күбө болгондор анын сөөгүн суудан алып чыгышкан.











