Орусиянын Ленинград облусунун Мурино шаарында кыргызстандык өлтүрүлгөнүн 27-февралда «Санкт-Петербург» телеканалы укук коргоо органдарына таянуу менен билдирди.
Маалыматка караганда, окуядан бир нече саат мурун жанында дос кызы бар Сибирдин тургуну менен эки кыргызстандык менен таанышкан. Алар таанышуусун алардын биринин үйүндө белгилөөнү чечишкен.
Спирт ичимдиги ичилген соң, чыр башталган. Чыр кызгануудан чыгып, мушташка айланган. Дос кызын кызганган орусиялык адегенде бир кыргызстандыкты, андан кийин экинчисине бычак сайган. Экинчиси төшүнө сайылган бычак менен качып үлгүргөн. Шектүү полиция тарабынан кармалган.











