Орусияда мигранттардын катышуусунда мушташ болду. Кыргызстандыктар кармалды
Мигранттардын катышуусундагы кезектеги массалык мушташ Санкт-Петербургда болду. Бул тууралуу орусиялык" target="_blank">https://riafan.ru/region/spb/1542377-migranty-ustroili-potasovku-ryadom-s-shaurmichnoi-na-yuzhnom-shosse-v-peterburge">орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, мушташ бир күн мурун Фрунзе районунда болгон. Чет элдик жумушчулар Түштүк шосседе мушташа кетишкен. Укук коргоо кызматкерлери Кыргызстандын 19-30 жаштагы үч жаранын кармашты. Текшерүү көрсөткөндөй, жумушчулардын эң кичүүсү мурда иммиграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн айып пул төлөгөн.
2021-жылдын августунан октябрына чейин Орусияда эмгек мигранттарынын кеминде 11 жолу массалык мушташы катталды.