Анын жүрүшүндө кыздын ата-энеси Ош облусунун Өзгөн районунда жашары маалым болуп, аны 2021-жылдын октябрь айында эле Орусияга бала кароо үчүн жөнөтүлгөнү маалым болгон. Кыз 4-класста окушу керек болчу, бирок билим албай калган. Маалыматка караганда, кыздын ата-энесине болжолдуу 8 миң рубль алып турушкан. Учурда Орусиянын укук коргоо органдары окуяга юридикалык баа берүү үчүн алдын ала текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Кылмыш ишин козгоо маселеси чечилүүдө. Июнь айында он жашар кызды үйүнө жөнөтүү пландалууда.
Инстаграмдан шилтеме жиберип, аялдын 171 миң сомун алып койгон
Талас облусундагы Манас районун тургуну инстаграмда бейтааныш адамдан келген шилтемени басып электрондук капчыгынан 171 миң 500 сомун алдырган. Манас РИИБдин...