Орусияда унаада зордуктоого шектелген кыргызстандык камакка алынды

Буга чейин полиция тарабынан cанкт-петербургдук аялды зордуктоого шектелген Кыргыз жаранын издеп жатканы маалым болгон. Шектүү 30 жаштагы Кыргыз жараны кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ал 3-ноябрга чейин камакта болот.

Окуя 4-сентябрда болгон. Таңга маал 34 жаштагы жергиликтүү тургун полицияга кайрылган. Ал Шелгунов көчөсү менен үйгө жетүү үчүн такси чакырганын, ал мас абалында уктап калгандыктан, айдоочу андан пайдаланып, зордуктап салганын айткан.