Орусиядагы 16 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Жабыркагандардын бири ооруканадан чыкты

Орусиядагы 16 адамдын өмүрүн алган жол кырсыкта жаракат алып, ооруканага жаткырылган 3 жарандын бирөөсү ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, ал кечээ, 5-сентябрда ооруканадан чыккан. Ал эми дагы экөө дарылануусун улантып жатышат.

21-август күнү Орусиянын Ульянов облусунда орун алган жол кырсыгынан жалпы 16 адам каза таап, анын 14ү Кыргыз жараны экени такталган. Маркумдардын сөөгү 23-августта алып келинген. Ошондой эле 3 Кыргыз жараны жаракат алып, жергиликтүү бейтапканага жеткирилген.