Орусиядагы батирден кыргызстандыктын жансыз денеси табылганы айтылды

Кыргыз жараны Москванын жанындагы Балашиха шаарында каза болгонун Орусиянын Shot Telegram каналы өз булактарына таянып билдирди.

ЖМКлардын маалыматына караганда, окуя 18-апрелде болгон. «Бир бөлмөлүү батирдин ээси аны бир нече күнгө ижарага берип, интернет аркылуу сүйлөшүүдө жаран аялы менен болорун айткан. Эки күндөн кийин үй ээси жубайлар ижара келишимин узартабы же жокпу тактоо үчүн чала башатаган. Алар чалууларга жооп берген эмес. Ээси үйгө барууну чечкен. Үйдү ачып, уктоочу бөлмөдөн эки кишинин сөөгүн тапкан: бири мурда эле каза болгон, экинчиси БДСМ-костюмун кийген жаран тирүү болгон. Бирок Тез жардам унаасында каза болгон. Келген полиция кызматкерлери бөлмөдөн ак порошок таап, экспертизага жөнөтүшкөн. Маалыматтарга караганда, каза болгондордун бири Кыргызстандын, экинчиси Өзбекстандын жараны», — деп айтылат маалыматта.