9-февралда Москванын четиндеги Истра шаарында каракчылык болуп, жергиликтүү тургун өлтүрүлгөн. Орус ЖМКлары кылмышка шектүүлөр коңшу өлкөдөн барган жарандар деп божомолдошуп, аларды Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары дешкен. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кылмышка Кыргыз жарандарынын тиешеси жок экенин билдиришти.
«Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы элчилиги Кыргызстандын жарандарынын бул кылмышка тиешеси жоктугун расмий түрдө билдирет. Элчилик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана социалдык тармактардын колдонуучуларын такталбаган маалыматтарды таратпоого жана расмий маалыматка гана таянууга чакырат», — деп айтылат маалыматта.











