Орусиядагы жол кырсыкта кыргызстандык жаш жубайлар көз жумду

Ханты-Мансийск автономиялык округунун Когалым жана Ноябрьск шаарларынын ортосундагы унаа жолунда жол кырсык катталып, анда 1999-жылы жана 2002-жылы туулган жубайлар көз жумду. Экөө тең Кыргыз жарандары.

Кыргыз Республикасынын Сургут шаарындагы элчилигинин кеңсеси каза болгондордун жакын тууганы менен жолугушуу өткөрүп, сөөктөрдү Кыргызстанга кайтаруу боюнча чыгымды жабуу үчүн мамлекеттен бир жолку төлөм алуу тартиби түшүндүрүлгөн. Ошондой эле каза болгондордун сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүүгө уруксат кагаздарын алуу боюнча тез арада чечим кабыл алуу үчүн Когалым шаарынын тиешелүү кызматтары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиликтин Сургут шаарындагы кеңсесинин өзгөчө көзөмөлүндө турат.