Орусиянын Забайкальский аймагында кыргызстандык жаш жубайлар жол кырсыгынан каза болгонун маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 20-майда Амур трассасында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен Кыргыз Республикасынан барган жубайлар каза болгон. Жаштар Чернышевскиден Читага бара жатышкан. Бул маалыматты облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы тастыктаган.
«Honda Fit жана жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Honda Fit унаасынын 22 жаштагы айдоочусу жана 19 жаштагы жүргүнчүсү каза болгон. Милиция кызматкерлери окуянын себептерин жана жагдайларын тактап жатышат», — деп айтылат маалыматта.