Орусиядагы кылмышка шектүү Ошто кармалды

Милиция кызматкерлери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

3-мартта милиция кызматкерлери тарабынан Ош облусунун аймагынан Орусиянын Кылмыш-жаза кодекси 111-беренесинин 1-бөлүмү (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) боюнча мурда мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалган. Издөөдө жүргөн адам коомдук жайларда жүзүн таануу тутуму орнотулган сырткы байкоо камералары аркылуу кармалган.

Бул жаранга 2012-жылы Орусия тарабынан ден-соолукка атайылап оор залал келтирүү боюнча козголгон кылмыш иши боюнча мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.