Орусиядагы кылмыштардан кийин кыргызстандык 4 жаш жигит кармалды

Орусияда мекендештерине каракчылык менен кол салган төрт кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

28-ноябрда саат 03:00 чамасында Орусиянын Владимир облусунун Покров шаарында белгисиз адамдар темир жол бекетинин жанындагы бөлмөгө кирип, ал жерден каракчылык менен кол салышкан. Кол салгандар Жалал-Абад облусунда 1999-жылы туулган жаранды сабап, жанындагы 60 миң рубль жана уюлдук телефонун тоноп кетишкен. Ал эми Ош облусунун 1992-жылы туулган тургунун болсо байлап, күч колдонуп Hyundai Solaris үлгүсүндөгү унаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен. Кийин алар опузалап акча талап кылышканда туугандары анын банк картасына 50 миң рубль акча каражатын которгондон кийин, Москва шаарынан аны коё беришкен.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул мыйзамсыз аракетти жасаган адамдардын жүргөн жерин аныктоого багытталган комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. 30-ноябрда кылмышка шектүүлөр бараткан унаа токтотулуп, пневматикалык тапанча жана болжол менен жабырлуунучуну видеого тарткан телефон да табылып, алынган.

Жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектүү катары Кыргызстандын төрт жараны кармалды.
— 1996-жылы туулган А.уулу К., Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну;
— 1998-жылы туулган П.Ч., Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну;
— 2000-жылы туулган И.уулу Х., Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну;
— 2001-жылы туулган О.уулу М., Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну.

Учурда жогорудагы адамдарга карата жүргүзүлүп жаткан алдын ала тергөө учурунда камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. Учурда иликтөө жүрүп жатат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жабырлануучу менен айрым шектүүлөрдүн ортосунда карыздык мамиле болгон.